Быйыл ЖРТда 5 бүтүрүүчү эң жогорку балл алды

Быйыл ЖРТда 5 бүтүрүүчү эң жогорку балл алды

Ага  ылайык, орточо балл да 66дан 73кө көтөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдүн 5и эң жогорку баллды, дээрлик 3 миңи 120дан жогору балл алышты. Англис тилинде билимин сынап көргөндөр да болду. Алардын көбү – 75%ы казакча, калганы орусча тест тапшырышты. Бүгүн атайын брифингдин алкагында 2023-жылкы билим берүү сынагынын жыйынтыгы жарыяланды. Тесттен өтпөй калгандардын кийинки максаты – тандаган адистиги боюнча керектүү билим бере турган окуу жайын тандоо. Грантка арыздарды кабыл алуу ушул аптада башталат.

Куаныш Ергелиев, Илим жана жогорку билим берүү вице-министри:

Жалпысынан теке айынын 13-20сы күндөрү аралыгында өтөт. Алыскы аймактарда жашаган абитуриенттердин ыңгайлуулугу үчүн быйыл биз eGov электрондук өкмөт порталы аркылуу онлайн арыздарды кабыл алабыз. Бирок документтерин салттуу форматта, башкача айтканда, оффлайн форматта тапшырууну каалагандар университетке келип, кабыл алуу комиссияларынын негизинде тапшыра алышат. Ошондой эле виртуалдык комиссияларда иштейт. Башкача айтканда, бул университеттер ZOOM форматында кабыл ала алышат.

Буга байланыштуу айта кетсек, быйыл бакалавриат үчүн 73 миң грант бөлүнгөн. Анын 60%ы техникалык адистиктерге багытталган. Мындан тышкары калк жыш жайгашкан батыш жана жаңы түзүлгөн аймактардын жаштарына мамлекеттин эсебинен бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Кошумчалай кетсек, биринчи жолу айыл чарба жана унаа жасоо багытында атайын квота бөлүндү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков