Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү каалаган казакстандыктар үчүн эми «CoronaVac» вакцинасы жеткиликтүү болот. Бул - Кытайда жасалган препарат. Анын 500 миң дозадан турган алгачкы партиясы бүгүн таң эрте атайын борт менен Алматыга жеткирилди. «CoronaVac» - коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо үчүн төртүнчү препарат. Вакцинанын курамында активдешпеген антиген бар. Ал 14-28 күндүн аралыгында эки жолу колдонулат. Препарат 18 жаштан жогору адамдарга арналган.
Жандарбек Бекшин, Алматы шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы:
- Бул биринчи жеткирүү. Белгилүү болгондой, буга чейин Кытайдын технологиясы менен жасалган Синовак-Хаят препараты Бириккен Араб Эмираттарынан алынып келинген. Бүгүнкү күндө өлкөдө «Синовак-Хаят», «CoronaVac», «Sputnik V» жана «QazVac» вакциналары колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков