Казакстанда акыркы 2 жумада коронавирус жуктуруу көрсөткүчү 28 пайызга төмөндөдү. Дүйнөлүк рейтингде Казакстан 1 миллион калкка карата илдеттин көрсөткүчү боюнча 108-орунда, ал эми курмандыктардын көрсөткүчү боюнча 222 өлкөнүн ичинен 102-орунда. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Министр бүгүнкү күндө Акмола облусу «сарыдан» «кызыл» зонага өткөнүн билдирди.
Алексей Цой, РКнын Саламаттыкты сактоо министри:
- Бүгүнкү күндө Акмола облусу кызыл зонада турат. 5 аймак «сары зонада», 11 аймак «жашыл зонада» жайгашкан. Өлкөдө илдеттен айыккан адамдардын саны бейтаптардын санынан жогору. Маселен, жетинин айында сакайган адамдардын саны тогуздун айы менен салыштырганда 1,6 эсе көп болду. Инфекциялык керебеттер 24%, жандандыруу керебеттери 21%. Дарыланууну улантуучуладын санынын азайуусу боюнча оң тенденция байкалат. Акыркы үч айда бейтаптардын саны 3,7 эсеге кыскарды (84 268 бейтаптан 22 353 бейтапка чейин). Калкты коронавируска каршы эмдөө уланууда.
Муну менен катар, министр «Омикрон» коронавирустук жаңы штаммынын пайда болушуна байланыштуу Алматы шаарында мутациянын бар-жогун алдын алу үчүн ПЧР скрининг жүргүзүлгөндүгүн айтты. Omicron штаммы аныкталган жок, бирок өлкөнүн бардык аймактарында алынган оң үлгүлөрүн толук геномдук секвенирлөө иштери жүрүп жатат, деди ал. Республикада ревакцинациялоонун тактикасы да кайра каралып чыкты. Бештин айынын 8нен баштап, 6 ай өткөндөн кийин эки доза менен эмдөөдөн өткөн бардык адамдар, ошондой эле коронавирус инфекциясы менен ооругандар ревакцинацияланышат. Бүгүнкү күндө кайра эмдөөдөн 44 миң 702 адам өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков