Францияда коронавирус кайрадан өрчүдү. Өлкөдө күнүнө 130 миңге жакын адам аталган илдетти жуктуруп алат. Акыркы жумада эле вирусту жуктургандардын саны 43% көбөйгөн. Ооруканага жаткырылгандардын саны 20 жана 70 жаштагылар арасында көбөйдү. Дарыгерлердин айтымында, Omicron штаммынын жайылышынан улам бейтаптарда дем алуу органдарынын жабыркоо белгилеринин ордуна өнөкөт оорулардын күчөшү байкалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков