Казакстандык спортчулар Пекин олимпиадасына даярданууда

Казакстандык спортчулар Пекин олимпиадасына даярданууда

Казакстандык спортчулардын кышкы Олимпиада оюндарына даярдыгы күч алды. Дүйнө чемпиондугунда өлкөнүн намысын коргой турган атлеттер мыкты машыгуучу аянтчаларда машыгууда. Белгилүү болгондой, дүйнөлүк олимпиада оюндары Пекинде алдыдагы бирдин айынын 4-20 аралыгында өтөт. Улуттук курама команда спорттун 93 программасы боюнча күч сынашат. Фристайл-могул, фристайл акробатика жана шорт-трек боюнча түрлөрүнөн чоң үмүттөр артылып жатат. Негизги команда үчтүн айында түзүлөт.

Елсияр Канагатов, Казакстандын Улуттук Олимпиада комитети дирекциясынын башчысы:

- Биз ата мекендик спортчуларды жакшы спорттук инвентарлары бар чет элдик окуу жайларга жөнөтөбүз. Анда спарринг-атаандаштар, башка өлкөнүн спортчулары менен бирге машыгышат. Эң негизгиси негизги жолдомо ойнотула турган мелдештерге даярданып жатабыз. Биздин спортчулар фристайл-могул, фристайл акробатика, коньки тебүү жана шорт-трек, лыжа менен секирүү, лыжа жарышы сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтөт деп ойлойм.

Белгилей кетсек, Пекинде 13-кышкы Паралимпиада оюндары да өтөт. Бул масштабдуу спорттук иш-чара жалган куран айынын 4нө белгиленген. Анда казакстандык спортчулар да күч сынашат. Учурда курама команда мелдешке ар тараптуу даярданып жатат. Ата мекендик паралимпиадачылар спорттун 6 түрү боюнча 78 комплект медаль үчүн ат салышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков