Казакстандык өндүрүшчүлөр Кытай рыногун багындырууда

Казакстандык өндүрүшчүлөр Кытай рыногун багындырууда

Шанхайда жыл сайын өтүүчү импорттук товарлардын көргөзмөсүнө Казакстандын 30 ири өндүрүүчүсү катышууда. Алардын 100 миллион доллардан ашык азык-түлүк жана айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюулары күтүлүүдө. Бирок көптөгөн компаниялар иш-чарага онлайн катышып жатат. Бул пандемияга байланыштуу эреже. ЭКСПОго өнүмдөр гана катышып, сүйлөшүүлөрдү атайын өкүлдөр жүргүзөт.

Евгений Король, казакстандык компаниянын сатуу боюнча мүдүрү:

- Кытай өз рыногуна кылдаттык менен карайт. Алар ар дайым Кытайга жөнөтүлгөн өнүмдөрдү кылдаттык менен текшеришет. Бирок биздин өнүмдөр Кытай тарап өзгөчө көңүл бурган бардык сыноолордон, бардык керектүү сертификациядан ийгиликтүү өтөт.

Аталган казакстандык завод өз өнүмдөрүнүн 70% экспортко жиберет. Товар Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө, Орусияга, жада калса Ооганстанга да жеткирилет. Ишкана жылына 40 миң тоннага чейин даяр өнүм чыгарат. Эми компания Кытай Эл Республикасынын рыногуна чыгууну көздөп жатат.

Мирас Килыбаев, казакстандык компаниянын өкүлү:

- Биздин өнүмдөрдүн ассортименти кенен, ошондуктан кытайлык керектөөчүлөр издегенин таба алышат. Белгилүү болгондой, кытай тамактарынын даамы абдан ачуу болот. Ошондуктан алардын европалык ашканага болгон суроо-талаптары өсүүдө. Биз аны сунуштай алабыз.

Белгилей кетсек, көргөзмө өткөрүлгөн акыркы 4 жылда Казакстан менен Кытайдын ортосундагы келишимдердин суммасы жарым миллиард доллардан ашкан. Тамак-аштан тышкары башка өлкө санариптик чечимдерди сунуштоого ниеттенүүдө. Көргөзмө жетинин айынын 10да аяктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков