Казакстандык окуучу көзү азиздерди коркунучтан сактай турган аппарат ойлоп тапты. Бутка тагылган жардамчы билериктеги датчиктер алдыдагы тоскоолдукту алыстан сезишет жана дирилдөө менен коркунуч жөнүндө белги берет. Жаш ойлоп табуучу аппаратты чогултууда үч ай талыкпай эмгектенди. Ал өзүнүн уникалдуу чыгармасын атайын лабораторияда 3Д форматынын көмөгү менен жасаган. Бүгүнкү күндө ал өз долбоорун патенттеп алган.
Рахат Өмирбек, окуучу:
- Менин технологияга жана илимге болгон сүйүүм ойгонду. Мунун аркасында мен мындай адамзатка пайда алып келе турган бир аппаратты ойлоп тапкым келди. Андан кийин бул «Vision Asistent» пайда болду. Азыр 4 прототип бар. Биз акыркы 5 протиптин үстүндө иштеп келе жатабыз. Ар биринен кийин аны сынап, өркүндөтүп турабыз.
Жаңы аппарат көзү азиздер үчүн инструктор жана ишенимдүү саякатчы катары коопсуздук кепилдиги болот. Бул абдан жеңил жана тагып жүрүүгө ыңгайлуу. Муну менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар аппаратка «үн системасын» орнотууну суранышты. Ал азыр бул механизмди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Башкача айтканда, эми аппарат тоскоолдукту айланып өтүү үчүн кайсы тарап жакшы экенине да кеңеш берет.
Бибигүл Күшекова, долбоор жетекчиси:
- Бул ишке кайра байланыш берилди. Алар менен иштөө жана коомдун жыргалчылыгы үчүн бул аппаратты жаратуу үчүн инвесторлорду издесек деген ниет бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

