Казак жасалма интеллекти түрк дүйнөсүнө жайылтылат

Казак жасалма интеллекти түрк дүйнөсүнө киргизилет. Аны иштеп чыгууда Назарбаев Университети жана башка илимий-практикалык уюмдар менен алектенет. Өлкөнүн санариптик технологияларды өнүктүрүүсү тууралуу Каржы министрлигинин башчысы Сенатта билдирди. Жаслан Мадиевдин айтымында, жалпысынан республиканын амбициялуу пландары бар - бардык негизги тармактарда машина интеллектин активдүү ишке киргизген технологиялык лидер болуу. Алсак, өлкөдө бул үчүн атайын комитет түзүлүп, 2029-жылга чейин тармакты өнүктүрүү концепциясы бекитилип, ал тургай тармакты өнүктүрүү үчүн өзүнчө укуктук база түзүлгөн. Ошондой эле келерки жылы улуттук жасалма интеллект борборун түзүү пландалууда. Министр баса белгилегендей, бардык шарттар түзүлөт – AT- мектеби, стартап-кампус жана лабораториялар жайгашат.

Жаслан Мадиев, Казакстандын Санариптик өнүктүрүү жана Аэрокосмостук өнөр жай министри:

– KazLLM деген чоң тилдик казак моделин иштеп чыгуудабыз. Улуттук кызыкчылыктарды,  жеке маалыматтарды коргоону, ошондой эле идеологиялык көз карандысыздыкты эске алуу менен чет элдик технологияларга көз карандылыкты кошпогондо, Казакстандык компаниялардын өз моделинин  негизинде технологиялык өнүмдөрдү түзүү үчүн KazLLM иштеп чыгуу зарыл. Бүгүнкү күндө жигердүү моделин окутуу болуп саналат, буга чейин 148 миллиард токен  чогултулган. Модель 76 миллиард параметрлердин негизинде курулган, аны иштеп чыгуунун пландаштырылган мөөнөтү —  үстүбүздөгү жылдын бештин айы. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков