Сегиз жаштагы казакстандык кыздар Кремний өрөөнүндөгү
Technovation Girls Global Summit глобалдык
билим берүү программасынын жеңүүчүсү болушту. Жаш ойлоп табуучулар – Аиша Есет
жана Ева Журкина уникалдуу IHear мобилдик тиркемесин иштеп чыккандыгы үчүн
башталгычтар категориясындагы «Technical Prize» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болушту.
Ал кохлеардык имплант менен ооруган балдарга сүйлөө жана байланышты өнүктүрүүгө
жардам берет. Тиркеме жасалма интеллект технологиясын колдонуу менен түзүлгөн жана
балдардын когнитивдик жөндөмдөрүн жакшыртуу үчүн жекелештирилген көнүгүүлөрдү
сунуштайт.
Аиша Есет, жаш ойлоп табуучу:
- Бул идеяны тандап алдык,
анткени менин укпай төрөлгөн Айлин деген досум бар. Ал кохлеардык имплантация
үчүн ар бир кулагына эки жолудан операция жасалды жана биз ага жардам бергибиз
келди.
Ева Журкина, жаш ойлоп табуучу:
- Финалда биз дагы башка командалар менен таанышып, алардын
кандай тиркемелери бар экенин билгибиз келди. Биз
аны лицензиясы бар мектептер, ар кандай сайттар, Instagram, YouTube
аркылуу тараткыбыз келет.
Айта кетсек, Аиша менен Ева 69 өлкөдөн келген дээрлик 11 миң катышуучунун ичинен эң жашы болушту. Быйылкы жылы билим берүү программасында жалпысынан социалдык көйгөйлөрдүн 3200 технологиялык чечимдери сунушталды. Анда Казакстан мыкты жыйынтык көрсөтө алды.
Махаббат
Ускенбаева, Казакстандагы TECHNOVATION GIRLS
программасынын маркетологу:
- Быйылкы сезон
Казакстан үчүн рекорддук сезон болуп калды. 2345 кыз катталып, алардын 606сы
социалдык көйгөйлөрдү чечкен мобилдик тиркеме долбоорун иштеп чыгышты.
Анын ичинде биздин өлкөдөн жарым финалга 18 команда чыгып, 8 жаштагы кыздардан
турган бир команда бул тиркемени иштеп чыгуу үчүн мыкты технологиялык чечим
үчүн Technical Price номинациясында атайын сыйлыкка ээ болду. Technovation
Girls – бул 8 жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган-ишкер, лидер жана
командада иштөө жөндөмүнө жардам берген дүйнөлүк волонтердук программа. Ага
катышуу толугу менен акысыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков