Казакстандык окумуштуу жаштык эликсирин иштеп чыкты

Казакстандык окумуштуу жаштык эликсирин иштеп чыкты

Ата мекендик илимдин ийгилиги. Жүзүмдүн полифенолунун жана башка жемиштердин концентратынын негизинде биологиялык активдүү аралашма, жаштык эликсири казак окумуштуусу Шыңгыз Сергазы тарабынан иштелип чыккан. Анын айтымында, өнүмдүн жардамы менен кээ бир оорулардын жайылышын жана күчөшүн токтотууга болот. Эликсир зат алмашуу синдрому, остеопороз, жүрөк-кан тамыр патологиясы, боор оорулары, диабет жана сасык тумоо, вирустардын алдын алууга жардам берет. Адистер аралашманы 10 жыл изилдеп, текшерип, даярдашкан. Эми ал патенттелип, өндүрүшкө чыкты. Азыр эликсир борбордун жана Алматынын дарыканаларында сатылып жатат.

Шыңгыз Сергазы, биологиялык активдүү кошулмаларды иштеп чыгуучу:

- Ресвератролдун молекуласы табылды. Бул жаныбарлардын өмүрүн узарткан керемет молекула. Бирок бөлмө температурасында жарык тийгенде анын курамы өзгөрүп, жараксыз болуп калды. Ушундан улам, аны адамдарга экстраполяциялоо мүмкүн болбоду. Ошентип, биз биологиялык активдүү аралашмадагы ресвератролду полифенолдук кошулмаларды кошуу аркылуу турукташтырдык. Анткен менен аралашманы суюктук түрүндө гана сактоого мүмкүн болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков