Астананын аэропортунда эркин соода аймагы түзүлөт

Астананын аэропортунда эркин соода аймагы түзүлөт

Борбор калаанын аэропортунда мультимодалдык жүк ташуу борборун жана эркин соода аймагын түзүү пландалып жатат. 2035-жылы бүтүндөй авиатролис куруу көздөлүүдө. Анда Атлантадагы, Нью-Йорктогу, Франкфурттагы, Амстердамдагы жана Сингапурдагы аэропорттор сыяктуу бүт инфраструктура жана экономика ошол жерде топтолот. Бул тууралуу борбор калаанын эл аралык аэропортунун өкүлү Даулет Хамзин билдирди. Ал белгилегендей, Казакстандын баш калаасынын аэропорту КМШ өлкөлөрүндө жана Борбор Азия чөлкөмүндө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу алдыңкы аба хабы болууну көздөйт. 2025-жылга чейин аны чоң транспорттук мүмкүнчүлүктөрү бар көп функционалдуу ишканага айландыруу мерчемделүүдө.

Даулет Хамзин, Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропорту АК башкармалыгынын өкүлү:

- Биринчи этапта жүргүнчүлөрдү ташуу жана аткарылган каттамдардын саны боюнча аэропортту өлкөнүн башкы дарбазасына айлантууну пландап жатабыз. Андан ары биз мультимодалдык транзиттик борборду ишке киргизебиз жана атайын экономикалык аймактардын үлгүсүндө Бириккен Араб Эмираттары аэропортторундагыдай эркин соода аймагын түзөбүз. 10-15 жылдан кийин анын аймагында атайын шаар пайда болот. Бул долбоор борбор калаабызды өнүктүрүүнүн башкы планына киргизилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков