Ядролук технологиялар өнөр жай коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет. Бул багыттагы билимдердин негизинде уникалдуу гидрогелди иштеп чыккан ата мекендик окумуштуулар ишенимдүү. Анын негизги милдети өсүмдүктүн топурагында ным жана жер семирткичтерди сактап калуу болуп саналат. Натыйжада бир сезондо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн дароо 35 пайызга жогорулатууга болот. Ойлоп табуучулардын айтымында, бул кургакчылыкка жакын климаты бар аймактардын дыйкандары үчүн алмаштырылгыс байлык.
Ерлан Жатканбаев, илимпоз, долбоордун автору
- Сууну пайдаланууну кыскартуу менен бирге жаратылышка экологиялык зыянды да азайтабыз. Минералдык жер семирткичтерди азыраак берип, биожер семирткичтерди, фитопрепараттарды колдонобуз. Алар бизге уулуу химикаттарды алмаштырууга жана таза табигый компоненттерди колдонууга мүмкүндүк берет. Гидрогель өнүмдө сууну кармап турбастан, керектүү өлчөмдө минералдык жер семирткичти да бөлүп чыгарат. Ошентип, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү алдын алат.
Гидрогель кургак, майда ун сыяктуу түрдө чыгарылат, андан кийин ага суу жана жер семирткичтер кошулат. Орто эсеп менен бир гектар жерге 50 килограмм гидрогель керектелет. Анын бир граммына 200 миллилитрге жакын суюктук батат. Ал акырындык менен кыртышта чирип, боюна жер семирткичти тегиз бөлүп чыгарат. Мындай жол менен дыйкандардын чыгашасы бир топ кыскарат. Ошондой эле, гидрогель толугу менен колдонулгандан кийин дагы үч жылдан беш жылга чейин жардам бере алат. Жалпысынан алганда, аны колдонуу чөйрөсү кенен.
Алибек Нуркенев, Гидрогель өндүргөн компаниянын мүдүрү
- Биз технологияны коммерциялаштырып, өндүрүштү баштадык. Компаниянын негизги милдети бир гана гидрогель өндүрүү эмес, ошондой эле анын алкагында башка буюмдарды өндүрүү болуп саналат. Айыл чарба жана токой чарбасынан башка тармактарда колдонсо болот. Бул өнүмдү ишке киргизип жатканда ата мекендик дыйкандар менен биргеликте жер-жерлерде эксперименттерди жүргүзгөнбүз, эми түшүмдүн жүрүшүн көзөмөлдөйбүз. Анткени аны рынокко алып чыгуу үчүн биринчи кезекте пайдасын көрсөтүшүбүз керек.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө калкын азык-түлүк менен толук камсыз кылуу үчүн 2050-жылга чейин өндүрүштү 70 пайызга көбөйтүү керек. Ошол эле учурда илимпоздор жаңы өндүрүштүк жана илимий ыкмаларды айыл чарба тармагында кеңири колдонуу керек - деп эсептешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков