Алихан Смаилов жана Николай Горбан биринчи кезекте газ түтүгүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурушту. Бул болсо өлкөдөн мунайдын кошумча көлөмүн ташууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Эскерте кетсек, 2022-жылы Деңиз терминалындагы жабдыктар бузулгандыктан, кара алтынды өткөрүү кыйынчылык жараткан. Бүгүнкү күндө бардык оңдоо иштери аяктады, чектөөлөр алынды, деп белгиледи Премьер-министр. Белгилей кетсек, өткөн жылдын аягында газ куур системасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн Казакстандан жылына 72,5 миллион тонна мунайга чейин жеткирүү мүмкүн болгон. Алихан Смаилов өкмөт болгон бардык маселелерди мындан ары изилдөөгө даяр экенин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков