Казакстандагы абал: шаарлар калыптагы жашоо ыргагына түшө баштады

Казакстандагы абал: шаарлар калыптагы жашоо ыргагына түшө баштады

Өлкөнүн башка аймактары да кадимки жашоого келе баштады. Тополоңдон кийин аймактарды тазалоо, инфраструктураны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бирок айрым шаарларда антитеррордук операциялар уланууда. Андыктан кооптуулуктун кызыл деңгээли сакталып турат. Атырау облусунда абал турукташып келүүдө. Шаардагы Исатай-Махамбет атындагы борбордук аянт тазаланды. Азыр ал жерди укук коргоо кызматкерлери кайтарууда. Шаарга баруучу негизги жолдордогу посттор штаттык режимде иштеп жатат. Ар бир жүргүнчүнүн жана унаанын багажы толук текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Азырынча колго түшкөн шектүүлөр жок.

Кайрат Бекенов, Атырау облусу акиминин орун басары:

- Калктын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү. Мааниси бар объектилер штаттык режимде иштеп жатат. Бардык стратегиялык объектилер, мамлекеттик органдар күч түзүмдөрүнүн кайтаруусунда. Тамак-аш корлору, банкоматтар тиешелүү акча-каражаттары менен толтурулуп жатат.

Кызылордада кооптуулуктун кызыл деңгээли жогору бойдон калууда. Анткени облустун борборунда антитеррордук операциялар дагы деле уланууда. Бирок шаарда коомдук тартип калыбына келтирилди. Азыркы учурда мүлктүк жоготууларды эсептөө жана изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Коомдук транспорт да акырындап калыпка келүүдө.

Актөбөдө абал туруктуу. Шаардын борбордук аянтын тазалоо жана калыбына келтирүү иштери коммуналдык кызматтар тарабынан жүргүзүлүүдө. Облустук акимчиликти калыбына келтирүү иштери бейбаштыктын кесепетинен келтирилген зыян эсептелип чыккандан кийин жүргүзүлөт.

Шымкент шаарынын калкы да кадимкидей жашоого кайтты. Ишкерлер соода борборлорун, азык-түлүк базарларын ачып жатышат. Элди дүрбөлөңгө салгандар кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Түркестан облусунда сактык чаралары күчөтүлдү. Облуста 45 көзөмөл-өткөрүү пункту орнотулган. Коопсуздук максатында шаарга кирген ар бир унаа токтотулуп, айдоочу менен жүргүнчүнүн документтери дыкат текшерилип жатат. Облус акими Өмирзак Шукеев көзөмөл өткөрүү жайларында болуп, коопсуздук чаралары менен таанышты.

Өмирзак Шөкеев, Түркестан облусунун акими:

- Түркестан облусунун элине ыраазычылык билдиргим келет. Ушундай оор мезгилде сабырдуулук көрсөтүп, чагымчылардын сөзүн ээрчибей, айланасындагы адамдарга туура үгүт иштерин жүргүзгөн бирден-бир аймак Түркестан болду. Коркунуч азырынча жоюла элек. Комендатураларга, полицияларга, постторго жардам беришибиз керек.

Караганды облусунда социалдык абал туруктуу. Учурда суроо-талапка ээ болгон бардык соода жана ишкердик объектилери, коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Коомдук тартипти бузуу жок. Улуттук банктын Караганды филиалынан билдиришкендей, банкоматтарды накталай акча менен толуктоо маселеси чечилди. Ага карабастан облуста кечки саат 23:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат сакталат. Ошондой эле, көзөмөл бекеттери күнү-түнү иш алып барат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков