Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасын каттады. Мекеменин маалыматы боюнча, бул «Sputnik V» вакцинасынын жеңил версиясы.
Анын натыйжалуулугу эмдөөдөн кийинки 28-күндөн тартып, 79,4%ды түздү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир компоненттүү вакцина жамааттык иммунитеттин калыптанышын тездетип, калкты массалык вакцинациялоо убактысын кыскартат. Мындан тышкары, Sputnik Light препаратынан кийин эч кандай терс таасирлер байкалган жок.
Эске салсак, бул - Казакстанда колдонууга уруксат берилген бешинчи вакцина. Учурда Казакстанда калкка «QazVac», «Спутник V», «Hayat-Vax» жана «СоronaVac» вакциналары сайылып жатат. Буга кошумча, ушул жылдын 4-кварталында вакцинаны алып келүү үчүн Pfizer компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков