Казакстандык окумуштуулар залалдуу шишикке каршы дарыны
сыноонун экинчи этабын баштады. Анын масштабы алда канча кенен болуп, 3 шаарда
– Алматы, Астана жана Павлодарда өткөрүлөт. Клиникалык изилдөөгө катышууну
каалаган 5000 адамдын 3000и тандалып катыша алат. Бул үчүн Жогорку
илимий-техникалык комиссия 2 миллиард теңге бөлүүнү карап жатат. Белгилей
кетсек, онкологиялык ооруларга каршы ата мекендик дары клиникалык изилдөөнүн
биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн. Өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү
министрлигинин маалыматы боюнча, онкологиялык илдетке чалдыккан 15 адам
катышкан. Тактап айтканда, жоон ичеги рагынын эң коркунучтуу IV стадиясында
турган бейтаптар өз ыктыярларын билдирген. Изилдөөнүн аягында шишик көлөмүнүн
3/1 бөлүгү алынып салынды. Окумуштуулардын айтымында, мунун өзү эле дарынын
натыйжалуулугун далилдей алат. Илдетке каршы дары 2025-жылы расмий каттоодон
өтөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков