Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 2 590 учур аныкталды. Бардык бейтаптардын үчтөн биринен көбү республиканын борборуна туура келет. Нур-Султан анти-рейтингдин өсүшү боюнча алдыңкы орунда турат. Караганды облусунда 468 учур катталса, Алматы шаарында 353 бейтап аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери республика аймагында COVID-19 илдетинин 428 163 учуру катталган.

«Дельта» штаммы Казакстандын бардык аймактарында аныкталды.

Ошол эле учурда Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссия бүгүн өзгөчө жугуштуу «дельта» штаммы республиканын бардык аймактарында табылганын жарыялады. Казакстанда 414 үлгү сыноодон өткөрүлүп, натыйжада коронавирустун индиялык мутациясы 48,3% аныкталган. Штаммдын бар экендигин акыркы тастыктоо ДНКнын үлгүлөрүнүн геном боюнча ырааттуулугу бүткөндөн кийин белгилүү болот.

«Индия штаммынын клиникасынын өзгөчөлүктөрү - инкубациялык мезгилдин беш күнгө чейин кыскарышы, ичеги-карындын белгилери басымдуулук кылып, оорунун тез өнүгүшүн, жаш курактагы бейтаптардын көбөйүшүн шарттайт. Балдар жана кош бойлуу аялдар арасында илдет оор формада өтөт», – деп маалымдайт мекеме аралык комиссиядан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков