Казакстанда Түштүк Кореянын реабилитолог-дарыгерлерди даярдаган окуу борбору ачылат. Азыр ата мекендик медицина кызматкерлери Тэгу шаарында окуудан өтүп жатышат. Алматы шаардык клиникалык ооруканасынын кызматкерлери бир ай лекцияларга катышып, бир ай түштүк кореялык адистердин иштегенине байкоо салып турушту. Казакстандыктардын айтымында, Түштүк Кореяда оор оорулардан кийин бейтаптарды реабилитациялоо мөөнөтү узарып, калыбына келтирүү борборлору жакшы жабдылган. Эки өлкөнүн дарыгерлери телемедицина аркылуу тажрыйба алмашуу жана консультациялар боюнча макулдашышты.
Мурат Даулеткелди уулу, Алматы шаардык клиникалык оорукананын ТДТ бөлүмүнүн инструктору:
- Кореянын ооруканаларында тез арада калыбына келтирүүчү кутучалар бар. Алардын жардамы менен дары-дармектер бөлүмдөрдөгү бейтаптарга тез жеткирилет. Бизде андай жок.
Нурдаулет Мухамеджанов, Алматы шаардык клиникалык оорукананын ТДТ бөлүмүнүн инструктору:
- Албетте, аппараттарда айырмачылыктар бар, бирок инструкторлордун иши бирдей.
Чон Тэ Ду, Реаблитациялоо департаментинин медицина бөлүмүнүн мүдүрү:
- Үстүбүздөгү жылдын жетинин айында биз биринчи реабилитациялык дарылоо академиясынын ишин баштайбыз. Алматыдагы окуу борборунда реабилитациядан сырткары физиотерапияны да окутабыз. Биз ошондой эле телемедицинаны колдонуп, чоңойтуу аркылуу үйрөтөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков