Нур-Султанда коронавирустун «ДЕЛЬТА+» штаммы аныкталды

Нур-Султанда коронавирустун «ДЕЛЬТА+» штаммы аныкталды

Борбор калаада коронавирус инфекциясынын «Дельта плюс» штаммы аныкталды. Бул тууралуу шаардын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сархат Бейсенова билдирди. Анын айтымында, маалыматтар молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталган. Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн борбору коронавирус илдетин жуктуруу боюнча алдыңкы орунда турат. Акыркы суткада эле бул жерде 68 учур тастыкталды. Сархат Бейсенованын айтымында, вирустун жайылышынын негизги себептеринин бири – вакцина алуу көрсөткүчүнүн бир топ кыскарышы.

«Эмдөө көрсөткүчүн талдап көрсөк, бештин айынын 1нен бештин айынын 15не чейин жалпысынан 12 миң 866 адам эмдөөдөн өтсө, бештин айынын 16нан бештин айынын 29на чейин эмдөө көрсөткүчү төмөндөгөн, башкача айтканда, жалпысынан 9949 адам эмдөөдөн өткөнүн көрүүдөбүз», - дейт Нур-Султан шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сархат Бейсенова.

Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери вакцина алгандардын санынын азайышы жамааттык иммунитетке жете албай, илдеттин күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков