Казакстанда салтка айланган 3-билим берүү технологиялары форуму өтүүдө

Казакстанда салтка айланган 3-билим берүү технологиялары форуму өтүүдө

Казакстанда билим берүү технологияларынын үчүнчү жылдык форуму уланууда. Бул жолу иш-чара онлайн режимде өтөт. Бул форумга каалаган адам катыша алат дегенди билдирет. Уюштуруучулар бир аянтчага 5 миңден ашуун угарман чогултууну мерчемдеп жатат. Тармакты өнүктүрүүнүн жаңы тенденцияларын талкуулоого дүйнөнүн булуң-бурчунан 40тан ашуун белгилүү спикерлер чогулду. Алар келечектеги билим берүү тутумуна өтүүдөгү кемчиликтерди аныктоого аракет кылышты. Баяндамачылардын айтымында, бул жаатта мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар «Келечектин мектебин кантип түзүүгө болот?» деген суроого жооп берүүгө аракет кылышып, мектептен мүдүрлөр кеңешине чейин кантип көтөрүлүү керектигин талкуулап, трансформациялык билим берүү жана башка да темалар боюнча пикир алмашышты. Форум аралыктан уюштурулганына карабастан, катышуучулар чебер сабактардан өтүштү.

Эльмира Обри, ЭКБ үзгүлтүксүз кесипти өнүктүрүү бюросунун башкы аткаруучу мүдүрү:

- Бизге келечектеги билим берүүгө өтүүнүн жалпы ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн эмне керек жана жаңы кырдаалда кантип иштөө керек? Биз дүйнө мурдагыдай болбой тургандыгын түшүнөбүз, эч нерсеге карабастан өзгөрүүнү керектебей тургандыгын түшүнөбүз. Анткени пандемия менен катар жаңы замандын балдары билим берүү тутумуна жаңы талаптарды коюп жатышат. Келечекте кайсы кесип жогорку суроо-талапка ээ болорун алдын-ала айтуу мүмкүн эмес, ошондуктан аларга каалаган кесипте колдоно турган билим берүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков