Казакстанда жасалма интеллектке негизделген медициналык стартаптарды жана
долбоорлорду колдоо боюнча жаңы программа ишке киргизилүүдө. «Astana Hub» эл аралык
технопаркында «MedHub» «Health AI Quality» платформасы сунушталды. Бул
платформа ата мекендик иштеп чыгуучуларга саламаттыкты сактоо тутумуна
технологияларын тезирээк киргизүүгө жардам берет. Программанын катышуучуларына
бардык этаптарда колдоо көрсөтүлөт – жөнгө салуучу жол-жоболордон өтүүдөн
баштап, медициналык уюмдарда иштеп чыгууларды сыноодон өткөрүп, даяр чечимдерди
рынокко чыгарууга чейин. Жасалма интеллект моделдерин түзүү жана окутуу үчүн
зарыл болгон анонимдүү медициналык маалыматтарга жетүү кошумча мүмкүнчүлүктөрдү
ачат. Долбоордун негиздөөчүсү Тогжан
Кожалы белгилегендей, бул демилгенин башкы максаты — Казакстанда медициналык
стартаптардын тез өнүгүшүнө шарт түзүү, ал эми санариптик технологиялар
дарыгерлер менен бейтаптардын ишенимдүү жардамчысына айланышы зарыл.
Тогжан Кожалы, Medhub «Health Ai
Quality» долбоорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү:
– Санариптештирүү эң биринчи кезекте дарыгерлерге керек. Алар санариптештирүү өз ордуларын баса турганын эмес, тескерисинче, алардын жардамчысы экенин түшүнүшү керек. Диагностика боюнча ассистент, адамдардын туура диагнозду, туура бааны жана кошумча диагностикалык жабдууларды алуусун камсыз кылуу үчүн жардамчы керектелет. Ал эми биз маалыматтарды анонимдештирүү багытын түзүп жатабыз жана бул маалыматтар менен аларда жок стартаптар иштеп кете алат. Бул маалыматтар менен илимий изилдөөлөргө муктаж болгон илимий мекемелер иштей алышат. Ошондуктан биз маалымат алмашуу платформасын түзүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

