Казакстан менен Таиланд медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Казакстан менен Таиланд медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Казакстан менен Таиланд медицина тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөт. Астанада Түштүк-Чыгыш Азиядан келген алдыңкы дарыгерлердин катышуусунда академиялык симпозиум башталды. Тай адистери казакстандык кесиптештеринин иши менен таанышып, өзгөчө онкология багытындагы тажрыйбаны изилдөөгө ниеттенүүдө. Делегациянын курамында медициналык инновациялар жана робототехника тармагындагы алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү да бар. Эки өлкө буга чейин саясат, соода жана туризмде активдүү байланыш орнотсо, эми медициналык технологиялар трансфертине да жол ачылмакчы.

Пияпин Нийомреркс, Таиланд Королдугунун Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Буга чейин Таиланд менен Казакстандын бул тармактагы өз ара аракеттешүүсү негизинен техникалык жардамга багытталган болчу. Бирок, бүгүнкү күндө биз аны кеңейтүүнүн кыйла дараметин көрүп жатабыз. Онкология, мультидисциплинардык медициналык жардам жана реабилитациялоо багыттарына көңүл буруп жатабыз.

Сутхат Фучароэн, Samitivej ооруканасынын онколог-дарыгери:

– Биз окумуштуулар менен дарыгерлердин ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде Казакстан менен Таиланд ооруканаларынын өз ара байланышын күтөбүз. Технологиялар алмашуу жана адистерди окутуу мүмкүнчүлүгү бар. Биздеги технологияларды биргелешкен долбоорлордун алкагында Казакстанга киргизүү үчүн инфраструктураны да өнүктүрүү маанилүү. Биз Казакстан менен Таиланддын ортосундагы толук кандуу кызматташтыкка үмүттөнөбүз. Анын ичинде кадрларды даярдоо, технологиялар трансферти жана бейтаптарды дарылоо багыттары бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков