Казакстанда мамлекеттик медициналык кызматтарды санариптештирүү деңгээли 87% дан ашты

Казакстанда мамлекеттик медициналык кызматтарды санариптештирүү деңгээли 87% дан ашты

Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү жараяны күч алды. Буга байланыштуу өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик медициналык маалыматтык система түзүлүүдө. Бирдиктүү медициналык маалымат базасы түзүлүп жатат. Бардык дарылоо мекемелеринде санариптик идентификациялоо системасы – «Санариптик документ» жана Face ID долбоорлору ишке киргизилди. Медициналык жардамга акы төлөөнүн бирдиктүү системасы киргизилди. Тез жардам кызматкерлери үчүн видео-жетон киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Медициналык маалымкаттарды электрондук форматка өткөрүү иши колго алынды. Бүгүнкү күндө тармактагы мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу деңгээли 87%дан ашты. Ошентип, өлкөдө сапатка жана инновацияга негизделген заманбап, туруктуу медициналык система калыптанууда. Тиешелүү түрдө медициналык туризм өнүгүп келе жатат. 50гө жакын мамлекеттин жараны мамлекетте дарылануу үчүн санариптик виза ала алат. Электрондук визаны жол-жоболоштурууга 30 мүнөт убакыт кетет. Жыл башынан бери 1,5 миң чет өлкөлүк келип дарыланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков