Казакстанда жыл башынан бери жугуштуу оорулардын 21 түрү,
анын ичинде коронавирустун көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу саламаттыкты
сактоо министри мамлекет башчы менен болгон жолугушууда билдирди. Саламаттыкты
сактоо министри Акмарал Алназарованын айтымында, медициналык кызматтын сапатын
жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда. Баштапкы
жана стационардык медициналык жардамды уюштуруунун методдору, диагностикалык
жана дарылоо стандарттары кайрадан жакшыртылып
жатат. Президентке 2025-2030-жылдарга саламаттыкты
сактоонун инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы тууралуу маалымат
берилди. Кабыл алынган концепциянын алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарынын
оптималдуу жана эффективдүү тармагын түзүүгө багытталган 34 негизги долбоорду
ишке ашыруу көздөлүп жатат.
Акмарал Алназарова, саламаттыкты сактоо министри:
-Медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн
уюштуруу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу системасынын
натыйжалуулугун жана айкындуулугун камсыздоо маселелери талкууланды. Ошондой
эле медициналык мекемелердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатып, милдеттүү
социалдык медициналык камсыздандыруу боюнча көзөмөлдү жакшыртуу үчүн заманбап
санариптик технологияларды киргизүү боюнча маалымат бердим. Мамлекет башчы саламаттыкты
сактоо системасын сапаттуу реконструкциялоо, бейтаптарга басым жасоо, бөлүнгөн
каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоо,
ошондой эле алдыңкы эл аралык стандарттарга ылайык медициналык тейлөөнүн
сапатын жогорулатуу сыяктуу бир катар милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков