Маймыл чечеги: Европа мамлекеттери карантин жарыялады

Маймыл чечеги: Европа мамлекеттери карантин жарыялады

Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегинин жаңы учурлары катталган өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Буга чейин Португалия, Испания, Австралия, Канада, Франция, Германия, Италия, Нидерланды, Швеция, АКШ жана башка өлкөлөрдө эпидемия катталган. Мисалы, Бельгияда бейтаптарга милдеттүү түрдө 21 күндүк карантин киргизилди. Өлкөдө маймыл чечегин жуктурган төрт учур аныкталды. Бирок, байланышта болгон адамдарды обочолонтуунун кажети жок. Болгону симптомдорду кылдаттык менен көзөмөлдөө жетиштүү. Улуу Британия бейтаптар менен тыгыз байланышта болгондор үчүн үч жумалык карантинди сунуштап жатат. Алар ким менен сүйлөшкөнүн, кайда барганын кабарлашы керек. Бүгүнкү күндө Улуу Британияда маймыл чечегинин 20 учуру тастыкталды. Эске салсак, бул маймылдарда сейрек кездешүүчү вирустук оору. Ал негизинен Борбордук жана Батыш Африканын алыскы аймактарында кездешет. Илдет жакын физикалык катнаш аркылуу гана жугат. Анын белгилери дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын оорушу жана теринин кызарышы. Илдет көбүнчө жеңил өтүп, бейтап 2-4 жумада айыгып чыгат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков