Дүйнөдө маймыл чечеги илдетинен бир нече курмандыктар катталды. Окуялар Перуда, Индияда, Испанияда жана Бразилияда орун алды. Жалпысынан алганда, Америка Кошмо Штаттары маймыл чечеги боюнча алдыда турат. Бүгүнкү күндө бул жерде кооптуу инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 5 миңден ашты. Оорудан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган Сан-Франциско шаарында жүздөгөн адамдар эмдөө борборунда узун кезек күтүшүүдө.
Люкджон Дэй, оорукананын башкы дарыгери:
- Өткөн жума күнү бизге 4 миңдей жаңы вакцина алынып келинди. Бирок бул партия ушул жуманын аягында түгөнүп калышы мүмкүн. Ал эми жогоруда берилген тапшырмага ылайык, шаардын 40 миңге жакын тургуну эмдөөдөн өтүүгө тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков