Казак окумуштуулары эмчек рагын эрте стадиясында аныктоого жөндөмдүү жасалма интеллект системасы болгон жаңы инновациялык иштеп чыгууну жаратышты. Ал дарыгерлерге диагнозду тез жана так коюуга мүмкүндүк берип, ийгиликтүү дарылоо жана өмүрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Долбоордун жетекчисинин айтымында, маммографиялык сүрөттөрдү талдоого негизделген алгоритм 90% жана андан жогору тактыкты көрсөтөт. Бул клиникалык практикага интеллектуалдык чечимдерди киргизүү жолундагы жаңы кадам.
Бейбит Абдикенов, Artificial Intelligence илимий-изилдөө борборунун мүдүрү:
- Радиологдор скрининг учурунда УҮИ, (ультра үндүү
изилдөө) КТ, МРТ аркылуу алынган маммографиялык сүрөттөр боюнча диагностика
жүргүзүшөт. Биз жасалма интеллектти колдонуу менен сүт бездеринин рагын
изилдөөнү автоматташтырууну көздөп жатабыз. Кийинки жылы онкологиялык
диспансерлерге тесттик киргизүү пландаштырылган.
Которгон: Назира Бегалиева

