Медициналык каршы көрсөтмөсү бар казакстандыктар жумушка уруксат алуу үчүн ПЧР-тест тапшырбайт. Талаштуу маселеге бүгүн саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы чекит койду. Айжан Есмагамбетова бүгүнкү күнү бүткүл республика боюнча 11 миңдей кишинин медициналык каршы көрсөтмөсү бардыгын айтты. Андыктан, эмгек жамаатынын басымдуу бөлүгү эмделсе, экинчи бөлүгү ПЧР тест тапшырып турса, анда медициналык каршы көрсөтмөсү бар жарандарга тест тапшыруунун кереги жок. Айжан Есмагамбетова, РК Саламатыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы:
«Медициналык каршы көрсөтмөсү бар жарандарга COVID-19 оорусуна карата ПЧР-тесттен өтүүнүн кереги жок. Андай медициналык каршы көрсөткүч бүгүн 11 миңдей кишиде бар. Вакцинага каршы көрсөтмөлөр анча көп эмес. Эгерде эмгек жамаатында кызматкерлердин негизги бөлүгү эмделген болсо, анда ал каршы көрсөтмөсү бар аз сандуу топту коргойт», - деди комитет жетекчиси.