Казакстандын колледж студенттери “WorldSkills Lyon” кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык чемпионатта биринчилик үчүн ат салышат. Ал келерки жылы Францияда өтөт. Азыр алар улуттук тандоодон өтүп жатышат. Анын жыйынтыгында 500 катышуучунун кимиси дүйнөлүк аренада өлкөнүн намысын коргоого барары чечилет. Бул аралыкта алар 30 компетенция боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ашпозчулук, билим берүү, курулуш тармактары жана робототехника менен заманбап IT чечимдер. Алардын тажрыйбасын 500дөн ашык серепчи баалайт. Белгилей кетсек, республика кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык чемпионатка 2015-жылдан бери катышып келет. Анда казакстандыктар 100 атаандаш өлкөнүн ичинен 54-орунга чыгууга жетишкен. Ал эми бул жылы Улуттук курама команда 2 медаль утуп, чемпионатка катышуу тарыхында эң мыкты жыйынтык көрсөттү.
Шолпан Утельбаева, «TALAP»
КЕАК президенти:
- Мындай чемпионаттар
дүйнөдөгү алдыңкы технологияларды өлкөгө натыйжалуу киргизүүгө шарт түзөт. Ал
эми студенттерибиз үчүн кесиптик билимин жогорулатып, чет өлкөдө окуусун
улантууга, дүйнөнүн эң алдыңкы компанияларында жумушка орношууга жол ачат. Жалпысынан
өлкөдө 217ге жакын компетенция бар. Биз алардын баарын өнүктүрүүгө аракет кылып
жатабыз. Ал эми быйылкы жылы 20-30га жакын компетенция алмаштырылууда, биз өнөр
жайды автоматташтыруу жана бизнес үчүн веб-технологияларды өнүктүрүү сыяктуу
жаңы компетенцияларды коштук.
Кобыланды
Махамбеткали, Борбор Азиядагы техникалык-экономикалык колледжинин студенти:
- Менин адистигим
мобилдик робототехника. Муну тандап алганымдын себеби, бул келечектин кесиби.
Азыр көптөгөн тармактар автоматташтырылган, бардыгы компьютер менен
байланышкан. Ошондуктан мен өз дараметимди ачып, келечекте рынокко керектүү
адис болуу үчүн мобилдик робототехника адистигин тандап жатам. Бул сынакта
билимимди сынап, жакшы жыйынтык көрсөтөм деп ойлойм
Которгон: Илгиз Жамалбеков