Казакстанда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чаралары кеңейтилет

Казакстанда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чаралары кеңейтилет

Ал жарандар менен бизнестин ортосунда пайда болгон көйгөйлөрдү жана даттанууларды чечүү боюнча башкы көзөмөл болоору күтүлүүдө. Мындан тышкары, өлкө мүмкүн болушунча керектөөчүлөрдүн дооматтарын кароо процессин жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү ниетинде. Аны баштоо үчүн 4-баскычтан 2-баскычка өтүү керек. Бүгүн өкмөттүн жыйынында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагындагы жаңы чаралар каралды. Түзөтүүлөр мыйзамдык базаны жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Атап айтканда, онлайн соода сегментиндеги боштуктарды толтурууга жана эффективдүү өз ара аракеттенүү схемасын түзүүгө багытталган: керектөөчү – коомдук бирикме – мамлекет деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы. Алихан Смаилов мыйзам долбоорлорун белгиленген мөөнөттө Мажилистин кароосуна киргизүүнү, ошондой эле аларды сапаттуу колдоону камсыздоону тапшырды. Буга кошумча Премьер-министр казакстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуучу колдонуудагы улуттук стандарттарды өркүндөтүү жана бизнести шыктандыруу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков