Эл аралык компания алгач жергиликтүү фармацевтикалык компаниялардын базасында иштейт. Ал бир жылдын ичинде өзүнүн заводдорун курууну пландап жатат. Ишкана ачылса, өлкөнүн экономикасына миллиондогон долларлар киреше алып келиши толук мүмкүн.
Тимур Султангазиев, саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи вице-министри:
- Президентибиздин шайлоо алдындагы платформасында ата мекендик дары-дармектерди өндүрүүнү 50 пайызга жеткирүү тапшырмасы коюлган. Анын аркасында биз AstraZeneca менен тиешелүү меморандумга кол коюуга жетиштик.
Улуу Британиянын фармацевтикалык компаниясы менен өнөктөштүктү бекемдөө Казакстандын саламаттыкты сактоо системасына эң заманбап жана натыйжалуу эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.
Александр Тришкин, «Астразенека» компаниясынын Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрү:
- Буга чейин 40ка жакын дары-дармектерибизди каттоодон өткөргөнбүз. Дагы 15 инновациялык дары-дармекти өлкөгө алып келүүнү пландоодобуз. Биринчиден, 4 препаратыбызды чыгарууну мерчемдеп жатабыз. Алар онкология, кардиология, кант диабети, респиратордук жана сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоодо колдонулуучу дарылар.
Бүгүнкү күндө тиешелүү министрлик башка дүйнөлүк фармацевтикалык институттар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. АКШнын, Жапониянын жана Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары менен фармацевтика жана саламаттыкты сактоо тармагында узак мөөнөттүү кызматташууну күчөтүү көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков