Казакстанда энергияны керектөөнүн жаңы стандарттарын киргизүү мерчемделүүдө. Атап айтканда, өлкөдө энергияны үнөмдөөчү мамлекеттик сатып алуулар киргизилет. Алар мамлекеттик органдарда энергияны керектөөнүн азайышын камсыз кылууга, ошондой эле, энергияны керектөөчү шаймандардын ички рыногун трансформациялоого түрткү берет. Бул үчүн учурда тиешелүү мыйзам долбоору иштелип жатат. Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги белгилегендей, документте ири ишканаларда энергетика боюнча менеджердин кызматы киргизилген. Ошол эле учурда, башка дагы бир катар ченемдер каралууда. Бул энергияны керектөөнүн стандарттарын белгилөө, алардын сакталышын көзөмөлдөө, эталондук көрсөткүчтөр жана энергияны үнөмдөө боюнча тийиштүү сунуштарды берүү. Анын негизги максаты – «жашыл» экономикага өтүүдө жалпы ички өнүмдүн энергия сыйымдуулугун төмөндөтүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков