Казакстанда жазык-аткаруу системасын санариптештирүү жигердүү
жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө темир тор артындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу
үчүн бардык абактарга 38 миңден ашуун камера орнотулду. Бул өз кезегинде
абактагылардын укугун коргоого шарт түзөт. Мындан тышкары, коррупциянын жана
башка кылмыштуулуктун алдын алат. Белгилей кетсек, эми аталган видеобайкоо
камераларын бузгандар үчүн кылмыш жазасы каралууда. Буга байланыштуу мыйзам
долбооруна кошумча берене киргизилип, жакында гана күчүнө кирди. Бул долбоорду
ишке киргизүүдөн мурун АКШ, Улуу Британия жана Орусиянын тажрыйбасы эске
алынган.
Теңизжан Жаныибеков, ИИМ жазык-аткаруу системасы
комитетинин төрагасы:
-Системаны санариптештирүү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен кызматкерлердин да, соттолгондордун да
мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерин көзөмөлдөө жана алдын алуу максатында
мекемелерге массалык видеокөзөмөл системасын киргизүү долбоору өткөн жылдын
аягында аяктаган. Биздин кылмыш аткаруу комитети менен Башкы прокуратураны
видеокамералар аркылуу онлайн режиминде көрүүгө болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков