Казакстанда балдарды вакцинациялоо качан башталат?

Казакстанда балдарды вакцинациялоо качан башталат?

Казакстанда ушул жылдын IV чейрегинде COVID-19га каршы балдарды эмдөө мерчемделүүдө. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык педиатрлар ассоциациясынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Сагира Абдрахманова билдирди. Ошол эле учурда ал эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн кошумчаладыю

Сагира Абдрахманова, Нур-Султан шаардык педиатрлар ассоциациясынын башчысы:

- Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлиги Pfizer менен келишимге кол койгон. Ушул жылдын төртүнчү чейрегинде балдарды аталган препарат менен эмдөөнү баштайбыз. Байкоонун жыйынтыгы боюнча, бул вакцина менен эмделген чоң кишилерде дагы кыйынчылыктар сейрек кездешерин белгилеп кетем.

Өз кезегинде Казакстандын жугуштуу оорулар боюнча жетектөөчү адиси Динагүл Баешева өлкөдөгү илдетке чалдыккан балдардын абалы ушул саатка карата оор экенин белгиледи. Ал жалпы абалды жакшыртуу үчүн, жок дегенде 80% вакцинациялоо керек деп эсептейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков