Казакстанда алгачкы геномикалык калык изилдөө лабораториясы ачылды

Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгы медицина тармагында ийгиликтерди алып келет. Ошентип, Астанада Улуттук биотехнология борборунун базасында биргелешкен лабораториянын салтанаттуу ачылышы болду. Алар геномдук секвенирлөө, биомаркердик изилдөө жана ракты диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу менен алектенишет. Бул залалдуу шишик илдетинин диагностикасын кеңейте турган Казакстандагы биринчи лаборатория. Ал инновациялык геномдук жана омикалык технологиялар менен мүнөздөлөт. Мындай заманбап жабдуулар Казакстандын медициналык мекемелерине дагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана окутууга мүмкүндүк берет. Келечекте башка инфекциялар боюнча изилдөөлөрдү кеңейтүү пландалууда. Долбоорлор учурда пренаталдык диагностикага жана ичеги рак оорусуна багытталган. Изилдөө иштери аяктагандан кийин бир жылдан кийин реагенттерди чыгарууну баштоо пландалууда.


Ергали Абдураимов, «НХ «QazBioPharm» АО башкы мүдүрү:


-Биринчиден, биз холдингдин филиалынын курамында даярдалган кадрларыбызды штатка тартабыз. Ошондой эле үчүнчү тараптын медициналык мекемелери үчүн - изилдөөлөрдү жүргүзө турган дарыгерлерди, лаборанттарды жана кадрларды даярдайбыз. Экинчи чоң этап изилдөөлөр үчүн реагенттерди чыгарабыз. Бул онкологиялык ооруларды изилдөө үчүн тест-система. BGI Group компаниясы менен биздин базада бул системаларды чыгарууну уюштурабыз деген келишимге жетиштик. Бул биздин пландарыбыздын экинчи этабы болот.


Инь Е., BGI Group башкы мүдүрү:


-Төрт жыл мурун казак өнөктөштөрүбүз менен биргеликте COVID-19 менен күрөшкөнбүз. Бул тажрыйбанын негизинде биз жугуштуу ооруларга скринингди жакшыртууну жана көбүрөөк адамдарга жеткиликтүү болгон так медицинаны түзүүнү чечтик. Бул биз Genomics же Omics Lab деп атаган препараттардын линиясы. Биз Кытайда ийгиликтүү колдонулуп жаткан алдыңкы технологияларды киргизип, Казакстанда колдонгубуз келет. Ошондой эле жергиликтүү компанияга тукум куума ооруларды дарылоодо так диагностиканы колдонууну үйрөнүүгө жардам берүү үчүн кыска окуу курсун ачабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков