Бул үчүн 4,5 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнөт. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин бюджетинин долбооруна ылайык, аталган каражат аймактардагы заманбап техникалардын көлөмүн көбөйтүүгө жумшалат.
Бауыржан Абенов, «Эл аралык жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор борбору» КЕАК АЖТ бюросунун башчысы:
- Алдыңкы жеткиликтүү технологиялар – бул өнөр жай ишканаларына терс антропогендик таасирди азайтуу жана жаратылыш ресурстарын, электр энергиясын, улуттук жер казынасын пайдаланууну үнөмдөөнүн эң эффективдүү каражаттарынын бири. Бул алдыңкы жеткиликтүү технология аныктамаларына киргизилген. Казакстан Республикасында мунай жана газ өндүрүү, тоо-кен металлургия комплекси, кендерди, кара жана түстүү металдарды өндүрүү сыяктуу тармактарда жеткиликтүү технологиялар негизинде аныктамалар даярдалып иштелип чыгууда. Бул окуу куралдары өнөржай ишканаларына жардам катары колдонулуп, иштеп жаткан өндүрүштү ишке киргизүүгө жардам берет.
Өлкөдө заманбап жана жеткиликтүү техниканы киргизүүгө дем берүү максатында ишканалар атайын төлөмдөрдөн жана салыктардан бошотулат. Ал эми 2025-жылдан баштап эң мыкты 50 заводго комплекстүү экологиялык уруксат берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков