Казакстан Борбордук Азиядагы эң ири фармацевтикалык хабына
айланышы мүмкүн. Өлкөдө өндүрүштөрдү локалдаштыруу боюнча макулдашуулар үч чет
элдик чарба гиганттары менен дароо кол коюлган. Алардын арасында- Pfizer Roche жана АстраЗенека. Айта кетсек, акыркы компания бул жерде дароо
4 инновациялык препараттарды чыгарууга даяр. Алардын биринин алгачкы партиясы
бөйрөк, жүрөк жетишсиздиги жана экинчи типтеги кант диабетин дарылоого
арналган. Өлкөнүн рыногуна дары 2025-жылы кириши керек. Калган үчөөнү онкология
оорусуна каршы терапия үчүн чыгарууну да жакын арада баштоо пландалууда. Жалпысынан
компания 7 миллиард еврого жакын инвестиция салат. Каражат казакстандык
адистердин илимий практикасына да жумшалат.
Мария
Шипулева, «АстраЗенека» Казахстан» мүдүрү
- Реалдуу
клиникалык практика боюнча бир изилдөө башталды. Ал буга чейин каттоодон өткөн
жана казакстандык дарыгерлердин бул эл аралык изилдөөгө катышуусу үчүн тандоо
жасалган. Ошондой эле биз азыр Казакстандагы үчүнчү фазанын дал ушул
казакстандык бейтаптардын катышуусу менен алгачкы изилдөөсүн каттап жатабыз. Бул
абдан маанилүү, анткени ал өлкөнү эл аралык аренага чыгарат. Дары –
дармектердин эффективдүүлүгү жагынан каттоодон мурун жана андан кийин. Башкача
айтканда, Казакстан изилдөөчү өлкө катары катышат. Ошондой эле диагностикалык
долбоорлор боюнча көптөгөн долбоорлорду жүргүзүп жатабыз.
Динара
Исабекова, «Kazakhinvest» долбоорунун жетекчиси:
- Биздин
алдыбызда 2029-жылга чейин ата мекендик өндүрүштүн 50% жетишүү максаты коюлган.
Эгерде компаниялар Казакстанга өз өндүрүшүн ачуу үчүн кирсе, анда биринчи
кезекте алар өздүк наркты төмөндөтүүнү караштырышы керек. Бул биз рынокко
киргенде бардык инвесторлордон талап кылган нерсе. Азыр келип жаткан
компаниялардын баары локализация үчүн эмес, окуу семинарлары, тренингдери менен
келишет. Ошондой эле эксперттерди алып келишет жана чет өлкөдөн дарыгерлерди
алып келип окутуп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков