Үчтүн айында эле башка өлкөлөр менен соода жүгүртүү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16%га өсүп, 10 миллиард доллардан ашты. Көпчүлүгү ата мекендик товарлардын экспорту болуп саналат. Айрыкча, өлкөдө кайра иштетилген өнүмдөргө суроо-талаптын өсүшү байкалат. Бул жааттагы өсүш 21 жарым пайызды түзгөн. Өкмөттө үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бирдин айларындагы өлкөнүн жалпы экономикалык абалы талкууланды. Эки айда экономика 4,3%га өстү. Адаттагыдай эле ата мекендик унаа жасоонун жана жеңил өнөр жайынын темпи жакшы. Өндүрүш көлөмү үч эсеге өстү. Реалдуу сектор жана тейлөө тармагы алдыга жылганы байкалат. Инвестициялардын агымы да бир кыйла жакшырды.
Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:
- Бардык негизги багыттар боюнча оң динамика байкалууда. Айрыкча курулуш, соода, маалымат жана байланыш тармактары эң жогорку өсүштү көрсөттү. Негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи 19,2%ды түздү. Инвестициялардын агымы транспорт жана кампа тармагында 73%, айыл чарбасында 33%, кыймылсыз мүлк операцияларында 12,1%, өнөр жайда 14,1%ды түздү. Анын ичинде тоо-кен өнөр жай тармагы 12,2% жана кайра иштетүү өнөр жайы 7,2%дык өсүштү көрсөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков