Казакстанда жыл аягына чейин 180 өндүрүштүк долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Алардын жалпы инвестициялык баасы 1,4 триллион теңгени түзөт. Бардыгы болуп өндүрүштүн жалпы кубаттуулугу 1,8 триллион теңгеге жетет деп күтүлүүдө. Жаңы өндүрүш борборлору импортту алмаштырууну жана ата мекендик өнүмдүн экспорттук дараметин жогорулатууну көздөйт. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, өлкө кара жана түстүү металлдарды экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири мамлекеттердин бири болуп саналат. Быйыл Казакстан бул өнүмдү чет өлкөгө ташуунун көлөмүн дагы 8% көбөйттү. Кошумчалай кетсек, жакында Кытай жана Корея менен стратегиялык пайдалуу кендер тармагында кызматташууну тереңдетүү боюнча меморандумдарга кол коюлду. Ошондой эле, акыркысы менен лифт тармагынын сыноо борборун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлду. Тармакка инновациялык технологияларды киргизүүгө багытталган долбоордун алкагында Корея өлкөсү жети жарым миллион доллар өлчөмүндө грант берет. Ата мекендик жеңил өнөр жай өнүмү да башкалардан көп суроо-талапка ээ. Өнөр жайынын экспорту өткөн үчтүн айы-чын куран айларында дээрлик 70% өстү. Негизинен Орусия, Түркия жана КЭР импорттойт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков