Казакстан киносунун коркпогон каскадер аялдары

Казакстан киносунун коркпогон каскадер аялдары

Көп кабаттуу үйдүн үстүнөн секирүү, жардан кулап түшүү, аскага чыгуу, катуу толкун агымы менен кагылышуу. Эң татаал трюктарды жасоо, бирок көбүнчө көлөкөдө калуу – каскадерлордун тагдыры. Тобокелге толгон кесипте назик жандар да көп кездешет. Алардын бири казакстандык Алия Ыскакова. Ал эл аралык «Nomad Stunts» кесипкөй каскадерлор тобунун мүчөсү. Абдан татаал ишти кокустан өздөштүргөнүн айтат. Качандыр бир кезде каскадерлордун машыгуусуна келген айым, азыр  команданын чечкиндүү мүчөсү. «Буга айынын жетинчи күнү» тасмасында биринчи жана эң татаал спектаклин аткарган. Бүгүнкү күндө анын тажрыйбасында Казакстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жүздөгөн тасмалар бар. Алия таэквандо боюнча спорт чеберчилигине талапкер, альпинизм боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, ошондой эле "Кунг-фу" сериалындагы трюктары үчүн абройлуу киносыйлыктын ээси.


Алия Ыскакова, каскадёр:


- Көптөгөн трюктарды жасадым. Негизинен уруш өнөрлөрү боюнча. Дубалдар менен эшиктерди бузуп кирип, тик учактан секирип түштүм. Бирок эң коркунучтуусу чоң бийиктиктен кулап түшүү болду. Анткени ал эч кандай камсыздандыруу жабдыктарысыз жасалды. Төмөндө кутучалар гана болду. Бул нерсени жасоо кыйын болгону менен баары ойдогудай өттү.


Жайдарбек Күнгожинов, «Nomad stunts» каскадерлор тобунун жетекчиси:


- Алия мыкты каскадёрлордун бири. Францияда өткөн «Намыс дода» сынагына машыктыруучу катары чакыруу алганым эсимде. Ага эң күчтүү каскадёрлорду чогултканым эсимде. Алардын арасында Алия да бар болчу. Команданы тандап жатканда мен тандаганыма өкүнгөн жокмун. Намысты колдон чыгарбаган  өжөр кыз. Эрктүүлүк, кайраттуулук, туруктуулук мүнөзү бар экенин дароо байкадым.


«Nomad Stunts» тобунда 73 каскадер бар, алардын сегизи-айымдар.. Алардын практикасында «Наполеон», «боз үй» сыяктуу ири эл аралык долбоорлор бар. Мындан тышкары, ал Казакстанда тогуз жана Индияда эки долбоорго катышкан. Азыр команда «Golden Empire» аттуу даректүү тарыхый тасмасынын үстүндө иштеп жатат.  Топ жакынкы күндөрү Индияга аттанат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков