Маймыл чечеги биринчи жолу баланын организминен аныкталды

Маймыл чечеги биринчи жолу баланын организминен аныкталды

Францияда биринчи жолу маймыл чечегинин балага жугуу учуру аныкталды. Бул тууралуу Иль-де-Франс аймагынын жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматы билдирди. Азыр өспүрүмдүн кимдер менен байланышта болгонун тактоо жана тизмегин түзүү боюнча ыкчам топ түзүлдү. Бирок, дарыгерлер инфекциянын жайылып кетүү коркунучу жок болгондуктан, карантиндин кереги жок экенин айтышууда. Белгилей кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин тездик менен жайылып бара  жатканын билдирген. Адистердин айтымында, оору анча деле оор эмес, бейтаптардын көбү бир нече жумада айыгып кетет. Бирок, кээ бир адамдарда илдет абдан оор өтүшү мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков