Казакстандык IT-долбоор Швейцариядагы эл аралык конкурста эң мыкты деп табылды

Казакстандык IT-долбоор Швейцариядагы эл аралык конкурста эң мыкты деп табылды

Казакстандык санариптик долбоор дүйнөдөгү эң абройлуу конкурстардын биринде мыкты деп табылды. БУУнун колдоосу астында Женевада өткөн WSIS Prizes 2025 сынагынын жеңүүчүсү «Ситуациялык-аналитикалык комплекс» болду. Инновациялык платформа өлкөбүздүн Президентинин иш башкармалыгынын инженердик-техникалык борбору тарабынан иштелип чыккан. Ал мамлекеттик сектордогу маалыматтарды талдоо, мониторинг жүргүзүү жана ыкчам башкаруу үчүн арналган. Система реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды чогултууну, визуалдаштырууну жана иштеп чыгууну камсыздайт. Бул колдонуучуларга стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Комплекс республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ар кандай багыттары боюнча 500дөн ашык индикаторду көзөмөлдөйт.


Президенттин иш башкармалыгынын инженердик-техникалык борборунун мүдүрү:


- Ал өзүнө өлкөнүн бардык көрсөткүчтөрүн камтыйт, ошондуктан Президенттик администрациянын жетекчилиги, Президенттин иш башкармалыгы стратегиялык чечимдерди кабыл ала алат. Биз өткөн жылдан бери эл аралык экспансияга чыгууну караштырып жатабыз. Ошого жараша башка өлкөлөр менен өз ара аракеттене баштадык. Бул рынокко чыгуу пландаштырылууда. Президенттин жарлыктарында инженердик-техникалык борбордун үч системасы масштабга өтүүдө,  ошого жараша биз бул ишти улантабыз.

Которгон: Назира Бегалиева