«Хабар» каналында «The Voice Казакстан» мегадолбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

«Хабар» каналында «The Voice Казакстан» мегадолбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

«The Voice Казакстан» сынагы аяктады. Мегадолбоордун жыйынтыгы «Хабар» телеканалында чагылдырылды. Бул сезондун тарыхындагы эң жаркын жана эмоционалдуу долбоорлордун бири болду, анткени программасы бай, белгилүү артисттер менен дуэттер жана курч күрөш болду. Финал бир нече этаптан турду – жаш вокалисттер чакырылган жылдыздар, андан кийин устаттары менен бирге ырдашты. Кечени жеке номерлер жыйынтыктады, анын жүрүшүндө  көрүүчүлөр сезондун жеңүүчүсүн аныкташты.

Нурай Мыкты, «The Voice Казакстан» долбоорунун жеңүүчүсү

- Сезимдерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бул укмуштуудай, сөз жеткис учур болду – эң таза жана чыныгы сезимдерди көрүп турасыздар. Мени колдоп, добуш бергендердин баарына чоң рахмат айткым келет. Айрыкча, Астанада мен үчүн тынчсызданган устатыма, жетекчиме жана мен үчүн атайын учуп келген ата-энеме ыраазычылык билдирем.

«Хабар» телеканалынын жетекчилиги билдиргендей, сезон кызыктуу жана сапаттуу гана болбостон, толкундандыруучу жана эмоционалдуу да болду. «The Voice Казакстанга» өлкөнүн бардык аймактарынан 1800гө жакын адам катышууну каалашты.

Кемелбек Ойшыбаев, «Хабар» агенттиги» АК башкармалыгынын төрагасы

- Мындай долбоорго кызыгуу абдан чоң. Анткени, мисалы, бизде таланттар көп, таланттар чоң шаарларда эле эмес, аймактарда да бар. Ошондой эле мени көрүүчүлөрүбүздүн добуш берүүгө активдүү катышканы абдан кубантты. Чейрек финалда, жарым финалда жана финалда эбегейсиз көп добуш болду – миңдеген добуштар жыйынтыгында жеңүүчүнү аныктады.

«The Voice Казакстан» финалы чыңалууга жана мазмунга бай сезонду жыйынтыктап, анын мыйзам ченемдүү туу чокусуна айланды. Долбоор өлкөдө музыкалык форматтарга суроо-талап бар экенин дагы бир жолу далилдеп, чоң сахнага даяр жаңы жаркын аткаруучуларды ачты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков