Кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү – артыкчылыктардын катарында

Кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү – артыкчылыктардын катарында

Казакстанда 2025 -жылга чейин кайра жанма энергия булактарынын 59 жаңы объектиси ишке кошулат. Ошентип, өлкөдө 4 жарым миң мегаваттка жакын кубаттуулуктагы кайра жанма энергия булактарынын саны 180ден ашат. Бул тууралуу энергетика министри Нурлан Ногаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясын керектөөнүн өсүшү жана маневрдик кубаттуулуктун өнүгүшү - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү шарты болуп саналат. Аталган долбоорлорду ишке ашырууга 1 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылат. Ошентип, кайра жанма энергия булактарынын үлүшү эки эсе көбөйөт. Мындан тышкары, Казакстанда тынчтык максатындагы атом жана суутек энергиясын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Тактап айтканда, аталган тармактардагы адисткитер боюнча дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында студенттерди окутууга гранттар жана стипендиялар бөлүнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков