Казакстан эң ири мунай экспорттоочуларынын рейтингинде 11-орунда

Казакстан эң ири мунай экспорттоочуларынын рейтингинде 11-орунда

Казакстан ири мунай экспорттоочулар рейтингинде 11-орунду ээледи. Өлкө Бразилия менен Анголанын ортосунда жайгашкан. Алдыңкы үчтүктө Сауд Аравиясы, Орусия жана АКШ турат. Көз карандысыз World’s Top Exports интернет-порталынын аналитиктеринин айтымында, 2023-жылы республика дээрлик 71 миллион тонна чийки затты чет өлкөгө жөнөтүп, андан 42 миллиард доллардан ашык киреше тапкан. Белгилей кетсек, мунай өткөн жылы дүйнөдө эң баалуу экспорттолгон өнүмдөрдүн тизмесинде биринчи орунда турат жана тазаланган мунай майларын, электрондук интегралдык микросхемаларды жана ага тиешелүү тетиктерди, автоунааларды жеткирүү боюнча алдыда турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков