Гонконг коронавирустун өрчүшүнө даяр эмес болуп чыкты. Мамлекеттик ооруканаларда бош орун жок, бардык палаталар бейтаптарга толгон. Өткөн аптадан бери суук аба-ырайна карабай дарыгерлер бейтаптарды ооруканага жаткырууга аргасыз болушту. Учурда бул жерде абанын температурасы +14+16 градус жылуу болуп турат. Адистер кырдаалдын мындай курчуп жатканына жергиликтүү өкмөттүн тургундарга оорунун белгилери байкалаар замат дарыгерге кайрылууга кеңеш берүүсү себеп болгонун айтышууда. Гонконгдо бардык бейтаптар илдеттин оордугуна карабастан ооруканага жаткырылат.
Дэвид Чан, Саламаттык сактоо кызматкерлери биримдигинин төрагасы:
- Бизге бардык бейтаптарды палаталарга жайгаштырууну суранышты. Азыр ырасталган учурлардын көпчүлүгү кадимки палаталарга жайгаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков