Казакстан бир нече өлкөнүн вакцинациялоо документтерин тааныды

Казакстан бир нече өлкөнүн вакцинациялоо документтерин тааныды

Казакстан дагы 4 өлкөнүн эмдөө документтерин тааныды. Атап айтканда, алар Канада, Черногория, Чехия жана Жапония. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин билдирүүсүндө айтылат. Бүгүнкү күндө Казакстанда жалпысынан 24 чет элдик эмдөө сертификаты жактырылган. Казакстандын вакцинациялоо паспортун 20 мамлекет тааныган. Ошондой эле, Казакстан менен Өзбекстан келерки жылы бири-биринин коронавируска каршы эмдөө паспортторун таанышы мүмкүн.

Ажар Гиният, РКнын Саламаттык сактоо министринин орун басары:

- Бул маселе министрдин орун басары менен талкууланды. Биздин эмдөө паспортубуз жана алардын сертификатын кабыл алганыбызга алар да каршы эмес сыяктуу. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги менен биргелешип ишти алып барабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков