Астанада биринчи Казакстан-Беларусь агрофоруму өтөт

Астанада биринчи Казакстан-Беларусь агрофоруму өтөт

Казакстан менен Беларусь кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүүдө. Быйыл өз ара товар алмашуу 17%га өстү. Өлкөлөр ортосундагы сооданы бир жарым млрд долларга чейин жеткирүүгө ниеттенүүдө. Эки тараптуу алаканын өнүгүшүнө агрардык жана унаа жасоо тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоо жаңы дем берет. Белгилей кетсек, ушул тапта өлкөдө беларустук тракторлор менен комбайндар чогултулат. Өз кезегинде Казакстан Беларусь рыногуна ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн жеткирет. Тараптардын алгачкы агрардык форуму тармактагы кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду жолго коюуга арналган. Катышуучулар сүт жана эт өндүрүшүндөгү, ошондой эле өсүмдүк чарбасы менен агротехника багытынын жаңы иштеп чыгууларын сунуштайт деп күтүлүүдө. Биргелешкен агрокластерлерди куруу мүмкүнчүлүктөрү да каралмак.

Алексей Богданов, Беларусь республикасынын Казакстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Биз Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен бирге агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатында сүт жана эт өндүрүшү, унаа жасоо  тармагындагы технологиялар менен алмашууга арналган алгачкы Беларусь-Казакстан агрардык форумун уюштурабыз. Бул жыйында жалпы наркы болжол менен 50-60 млн доллардан ашкан бир катар келишимдерге кол коюу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков