Казакстанда коронавирус инфекциясынын өсүшү байкалууда. Өткөн суткада ПЧР-тести аркылуу 2 436 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул Саламаттыкты сактоо министрлиги бир күн мурун берген көрсөткүчтөн 420 бейтапка көп. Анти-рейтингди 807 ковиддик бейтап катталган өлкөнүн борбор калаасы баштап турат. Караганды облусунда 394 адамда аныкталып, экинчи орунга жайгашса, Алматы шаары алдыңкы үчтүктү толуктайт. Мында коронавирус 305 кишиде ырасталган.
Шымкентте да эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратат. Коронавирустун жайылышы боюнча мегаполис «кызыл» зонага өттү. Кооптуулуктун бул деңгээлине Нур-Султан, Алматы шаарлары, Атырау, Батыш Казакстан жана Караганды облустары дагы кирет. Акмола, Актөбө, Костанай, Мангыстау жана Павлодар облустарында абал бир аз жакшы. Ал эми калган аймак коопсуз делген «жашыл» аймакта жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков