Казакстанда буудай, ун тартыш болот деп айтууга негиз жок. Быйылкы жылы аба ырайынын ыңгайлуу болгондугуна байланыштуу эгин оруп-жыюу иштери өз убагында жана планга ылайык башталды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашөкеев билдирди.
Ербол Карашөкеев, Казакстандын айыл чарба министри:
- Быйыл 13,4 миллион тонна буудай жыйнайбыз - деп жатабыз. Бизде былтыркыдан 2,5 миллион тонна буудай калган. Алардын ичинен 360 миң тоннасы азык-түлүк келишим корпорациясынын корунда болот. Керектөөбүздүн көлөмү 6-7 миллион. Андыктан биз күткөн түшүмүбүз, калдыктарыбыз өзүбүз керектеген көлөмдөн 3-4 эсе көп.
Ошондой эле, республикада ундун баасы арзандайт - дейт Ербол Карашөкеев. Анын айтымында, бул Орусия Федерациясы менен экспорттун жанданышынын, ошондой эле өлкөнүн түштүк аймактарында себүү өнөктүгүнүн аякташынын аркасында ишке ашырылууда. Алдыда түндүк аймактарда оруп-жыйноо өнөктүгү бар.
Ербол Карашөкеев, Казакстандын айыл чарба министри
- Кырдаал туруктуу, азыркы рыноктун динамикасына ылайык, буудай менен ундун баасы көтөрүлбөй, бир аз арзандашы күтүлүүдө. Өзүбүздүн кор толук жетиштүү. Буудайсыз, унсуз калбайбыз. Баш оона-бештин айларында 1 миллион 200 миң тонна ун өндүрүлүшү күтүлүүдө.
Өкмөт башчы элеваторлордун эгинди кабыл алууга жана сактоого даяр болушун камсыздоону тапшырды. Буга кошумча, материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселесин чечүү үчүн тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков